Министр Бакыт Сыдыков Moody’s компаниясынын аналитиктери менен жолугушту
Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын тобунун Жазгы жыйындарынын алкагында, Вашингтон шаарында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Moody’s компаниясынын аналитиктери менен жолугушуу өткөрдү.
Министр кызматташтык үчүн агенттикке ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Moody’s менен өз ара аракеттенүүнү эл аралык инвесторлордун ишенимин бекемдөөгө жана өлкөдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформаларды объективдүү чагылдырууга багытталган институционалдык диалогдун маанилүү бөлүгү катары карай турганын белгиледи.
«Биз Moody’s агенттигинин кесипкөйлүгүн жогору баалайбыз жана мазмундуу, конструктивдүү жана туруктуу маалымат алмашууга ачыкпыз. Өз кезегинде Кыргыз Республикасы кызматташтыктын алкагындагы милдеттенмелерин абийирдүүлүк менен аткарат», – деди ал.
Ошондой эле 2025-жылдын июль айында Moody’s агенттиги прогнозду «positive» деңгээлине жогорулатып, Кыргыз Республикасынын рейтингин B3 деңгээлинде сактап калгандыгы үчүн ыраазычылык билдирилди. Бул өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар жана макроэкономикалык туруктуулук эл аралык деңгээлде таанылып жатканын көрсөткөн белги катары кабыл алынат.
Суверендүү кредиттик рейтингди жогорулатуу Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашыруунун алкагында экономикалык саясаттын негизги багыттарынын бири экени белгиленди.
«Акыркы төрт жыл ичинде өлкөнүн экономикасы чындап эле жогорку өсүш темптерин көрсөтүп келүүдө – жылына орточо 9,5–11% деңгээлинде. Бул инвестициялар, ички суроо-талап, курулуш, кызмат көрсөтүүлөр жана өнөр жай тармагындагы активдүүлүк менен колдоого алынган туруктуу тенденция», – деди министр.
Акыркы жылдардагы экономикалык өсүштүн реалдуу көрсөткүчтөрүнө таянып, кыргыз тарап Moody’s агенттигине келечектеги серептерде учурдагы «B3» рейтингин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Маалымат үчүн.
Moody’s – кредиттик рейтингдер, аналитика жана тобокелдиктерди баалоо тармагындагы дүйнөдөгү алдыңкы компаниялардын бири. Компания глобалдык каржы рыногунда иштеп, кредиттик рейтингдерди, изилдөө материалдарын, маалыматтарды, аналитикалык чечимдерди жана тобокелдиктерди баалоо инструменттерин сунуштайт.
Moody’s Ratings мамлекеттерге, банктарга, компанияларга, каржы институттарына, камсыздандыруу уюмдарына, ошондой эле карыздык инструменттердин ар кандай түрлөрүнө жана структураланган каржылоого кредиттик рейтингдерди ыйгарат. Moody’s кредиттик рейтингди карыз алуучунун же карыздык милдеттенменин кредитке жөндөмдүүлүгү жана кредиттик тобокелдиги боюнча пикир катары аныктайт.
Суверендүү карыз алуучулар үчүн Moody’s рейтингдери маанилүү болуп саналат, анткени алар эл аралык инвесторлор, банктар, фонддор жана капитал рыногунун башка катышуучулары тарабынан өлкөнүн тобокелдиктерин баалоодо колдонулат. Суверендүү рейтинг тышкы карыз алуунун наркына, эл аралык капитал рынокторуна жеткиликтүүлүккө, потенциалдуу инвесторлордун чөйрөсүнө жана мамлекеттин макроэкономикалык туруктуулугун жалпы кабылдоого таасир этет. Бул Moody’s компаниясынын глобалдык карыз рыногу үчүн кредиттик рейтингдерди жана изилдөөлөрдү сунуштаган алдыңкы уюмдардын бири катары ролу менен шартталган.
