
“Асман Эйрлайнс” учагы Талас каттамын ийгиликтүү аткарды
“Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы бүгүн, 30-сентябрда Бишкек–Талас багыты боюнча каттамын аткарып, 50 жүргүнчү учуп кетти. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, билеттер 2200 сомдон сатылган.
Белгилей кетсек, жаңы сатылып алынган Канаданын Bombardier Dash 8 Q-400 учагы 80 жүргүнчүнү 2 миң километрге чейинки аралыкка ташууга жөндөмдүү.