Жапаров: Кыргызстанда тигүүчүлөр, куруучулар жана жол жумушчулары жетишпейт
14 август

Жапаров: Кыргызстанда тигүүчүлөр, куруучулар жана жол жумушчулары жетишпейт

Кыргызстанда тигүүчүлөр, куруучулар жана жол жумушчулары жетишпейт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди. 

Анын айтымына караганда, каалоочулар үчүн ар дайым жумуш табылат.

«Азыр деле бизде жумушчу күч жетишсиз – курулушта, тигүү тармагында, өзгөчө ушул эки багытта. Жол курууда да жумушчулар жетишпейт. Ошондуктан Индиядан, Пакистандан, Кытайдан, коңшу мамлекеттерден адамдар келип иштеп жатышат. Эгер жарандарыбыз чындап эле жумушсуз отурабыз деп айтып жатышса, анда келишсин – биз жумуш беребиз», – деди Жапаров.

Президент чет элдик адистер жумушчу күчүнүн жетишсиздигинен гана эмес, курулуш технологиялары жергиликтүү кадрлар тарабынан азырынча өздөштүрүлө элек долбоорлорду ишке ашыруу үчүн да тартылып жатканын белгиледи.