Кыргызстандык стартаперлер туристтик жайларды брондоону автоматташтырган кызматты ишке киргизишти
Кыргызстандын туристтик рыногунда жаңы кызмат пайда болду. Booklink - глэмпингдерди, A-frame үйлөрдү, коттедждерди жана конок үйлөрдү иштеткен ишкерлер үчүн ыңгайлуу санарип чечим. Стартап туристтик жайлардын ээлерине бронду жеңил кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Booklink менен алар ашыкча чалуулардан жана жазышуулардан кутулушат. Тиркеме Telegram мини-тиркемеси катары жасалган.
Андыктан, конокторго да, ишкерлерге да жаңы тиркеме көчүрүүнүн же атайын каттоодон өтүүнүн кереги жок. Колдонуучулар атайын шилтеме менен өтүп, өзүнө ылайыктуу бош даталарды тандап, форманы толтуруп, алдын ала төлөмдү да төлөй алат. Ишкер бул жөнүндө билдирүү алгандан кийин бронду 1-2 баскычты басуу менен эле кабыл ала алат. Алгачкы өнөктөштөр тиркемени ийгиликтүү колдонушууда. Брондорду күнү-түнү жана иш убактысынан тышкаркы маалда да кабыл ала башташты.
Booklink бул тармактагы орто жана чакан бизнестин негизги маселелерин (жоопсуз калган коноктор, түгөнбөгөн чалуулар жана жазуулар, алдын ала төлөмдү кабыл алуудагы ыңгайсыздыктар) чече алат. Жөнөкөй жана түшүнүктүү интерфейс эч кандай кошумча техникалык жөндөмдү талап кылбайт.
Учурда Booklink Кыргызстан боюнча бардык туристтик жайларды кошуп жатат. 2025-жылы команда Казакстандын, Өзбекстандын жана Орусиянын рынокторуна чыгууну көздөп жатат. Мындан тышкары тиркемеге аналитика, пикир калтыруу сыяктуу кошумча функциялар киргизилип, жасалма интеллект менен интеграцияланат. Booklink командасы дүйнөлүк IT компанияларда иштеген алдыңкы программисттерден турат.
Booklink – туристтик тармакты санариптештирүү аракетинин бир бөлүгү болуп калды. Санарип инструменттер чакан жана орто бизнести атаандаштыкка туруктуу кылып, натыйжалуулугун арттырат. Жеңилдетилген бронь калтыруу системасы, түшүнүктүү структура жана бирдиктүү коммуникация – стандартка айланууда. Туризм тармагы улам өнүгүп келе жаткан Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр үчүн мындай санарип чечимдер өзгөчө маанилүү. Ыңгайлуу санарип инфраструктура ички туризмдин өнүгүүсүнө да таасир этет. Booklink кызматынын негиздөөчүлөрүнүн бири Нурболот Азаматтын айтымында, бул кызмат маанилүү жергиликтүү көйгөйдү чечет:
«Booklink – бул жергиликтүү, жөнөкөй жана жеткиликтүү кызмат. Бул тармактагы белгилүү Airbnb и Booking сыяктуу кызматтар ишкерлер үчүн дагы деле ыңгайсыз бойдон калууда. Тилдик барьер бар, колдонуу татаал, комиссиялары да кымбат. Бул өзгөчө аймактардагы ишкерлер үчүн ыңгайсыздык жаратып жатканын көрүүдөбүз. BookLink “Телеграмдын” базасында жасалгандыктан, аны колдонуу ишкерлер үчүн да, коноктор үчүн да ыңгайлуу. Тандоодон төлөмгө чейинки барадык процессти бул тиркемеден чыкпай туруп жасоого болот. Кошумча эч нерсе көчүрүүнүн кереги жок», – дейт ал.
