Кыргызстандын ЕАЭБ мүчө-өлкөлөр менен болгон соода көлөмү 0,8 пайызга кыскарды
2025-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстанда мунай зат, тамеки, фармацевтика, желим, резина, курулуш материалдары жана полиграфиялык ишмердүүлүктүн продукцияларын өндүрүү көбөйдү. Ошол эле убакта пайдалуу кендерди казуу көлөмү төмөндөдү.
Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев маалымат жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, тышкы жана өз ара соода көлөмү 17,8 пайызга азайган. Бул 983,8 миллион долларды түздү. 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда, соода көлөмү 17,8 пайызга азайды. Ал эми экспорттук жеткирүүлөр 24,7 пайызга, импорттук келүүлөр 16,6 пайызга төмөндөдү.
Ал эми ЕАЭБ мүчө-өлкөлөр ортосундагы өз ара соода ушул жылдын январь айында 306,1 миллион долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,8 пайызга аз.
