МСК мамкызматкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу боюнча окуу өткөрдү
Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылга карата бирдиктүү салык декларациясын (БСД) кабыл алуу боюнча өнөктүктүн алкагында мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери үчүн окутуу семинарын өткөрдү.
Салык кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага 90 адам катышты.
Окутуунун жүрүшүндө Салык кызматынын адистери декларацияны толтуруу жана тапшыруу тартибин кеңири түшүндүрүп, декларациялоо процессин ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылган санариптик куралдарга өзгөчө көңүл бурушту. БСДны электрондук түрдө толтуруу үчүн программалык модулдар көрсөтүлдү жана аны тапшырууда кетирилген типтүү каталар талданды. Ошондой эле маалыматтарды кечиктирип же туура эмес бергендиги үчүн каралган жоопкерчилик маселелери талкууланды.
Мындай окутуу иш-чаралары мамлекеттик кызматкерлерге салык мыйзамдары боюнча туура багыт алууга жардам берет жана декларациялоо процессин жеңилдетип, анын ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатат.
Эскерте кетсек, декларацияны тапшыруудан пенсионерлер, үй кожойкелери, студенттер жана башка жарандар, ошондой эле илимий, чыгармачылык, окутуучулук же ден соолукту чыңдоо иштери менен алектенген жактар бошотулган.
Ошол эле учурда, салык декларациясын тапшыруу милдети жарандардын айрым топтору үчүн өзгөрүүсүз калат.
2025-жылдын 1-апрелине чейин төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:
- ата мекендик уюмдар (бюджеттен каржылануучу жана отчеттук салык мезгили үчүн мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелери болбогон уюмдардан тышкары);
- туруктуу мекеме түзүү менен КРнын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер.
2025-жылдын 1-майына чейин төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:
- жеке ишкерлер;
- патенттин негизинде же өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөн жеке жактар;
- өлкөнүн аймагындагы эл аралык уюмдарда, чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде иштеген КР жарандары;
- салык салынуучу киреше алган жана киреше салыгы боюнча милдеттенмеси бар жеке жактар.
