Прокурордук чаралардын негизинде ишкерге кепилдик төлөмү кайтарылды
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ишкердин бузулган укуктарын коргоп, мамлекеттик орган тарабынан негизсиз кармалып турган 692 миң 800 сом өлчөмүндөгү кепилдик төлөмдүн кайтарылышын камсыз кылды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкердин акча каражаттарын кайтарып алууга мыйзамдуу негиздери болгонуна карабастан, анын бир нече жолку кайрылуулары узак убакыт бою мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик орган тарабынан каралбай келгендиги аныкталган.
Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде ишкердин укуктары толук калыбына келтирилип, кепилдик төлөмдүн суммасы толугу менен кайтарылды. Ошондой эле мыйзам бузууларга жол берген жооптуу кызмат адамдары тартиптик жоопкерчиликке тартылды.
Көрүлгөн чаралар мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө мыйзамдуулукту камсыз кылууга, ошондой эле ишкерлердин укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган.
