Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы алмашты
www
16 март

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы алмашты

Маматов Кайрат Адамкалиевич КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы болуп дайындалды. 

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Министрлер кабинетинин башчысы кол койгон башка тескемеге ылайык,  Марат Пирназаров Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду.