Дыйкан-фермер чарбаларды 2030-жылга чейин 424 кооперативге бириктирүү пландалууда
18 сентябрь

Дыйкан-фермер чарбаларды 2030-жылга чейин 424 кооперативге бириктирүү пландалууда

  • "Учурда бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо маселесин колдоо катары, кимдин 1 миллион сомго чейин насыясы болсо, мамлекет жоюп бере турган программа иштелип чыгууда. Бирок жөн эле жоюп бербейт. Ал үчүн атайын шарт, талаптар бар. Жеке майда, чакан чарбалар кооперативдерге биригиши милдет. Тамчылатып сугаруу системасына өтүшү абзел. Анан эмнени эгем, өндүргөн товарымды кайда сатам деген так планы, келишими болушу шарт. Ушундай саясаттын негизинде мамлекет тарабынан каржылык көмөк, колдоо көрсөтүлөт. Кунарсыз жерлерди өздөштүрүү жеңилдетилген шартта берилет.

Мындай бириктирүүнү кызыктыруу (стимулдаштыруу) үчүн “Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” долбоору иштелип жатат. Ага ылайык жеңилдетилген насыя каражаттарын 6 пайыз эсебинде 5 жылга берүү, ошондой эле мамлекеттик фондунун жерлерин түз жолу менен ижарага 20 жылга чейин берүү, кунарсыз жерлерди өздөштүрүү үчүн жеңилдетилген шартта берүү, техникаларды жана асыл-тукум малдарын лизинге артыкчылык шартта берүү каралууда.

Азыркы кезде акча каражаттары бар. Алсак, 70 кайра иштетүүчү ишканаларды, логистикалык борборлорду ачууга Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан 40 миллион доллар берилип жатат. Дүйнөлүк банк 35 миллион доллар акча каражатын аймактарда (Жалал-Абад, Нарында) багбанчылыкты өнүктүрүү, сүт өндүрүүчүлөдү (Ысык-Көл, Талас, Чүй) колдоого бөлүүдө. Тамчылатып сугарууга дагы каражаттар каралган”, – деп белгиледи Төрөбаев.