Кыргызстанда электр энергиянын жоготуулары 30%дан 11%га кыскарды
3 апрель

Кыргызстанда электр энергиянын жоготуулары 30%дан 11%га кыскарды

Мурда электр энергиянын жоготуулары 30%га чейин жетчү. Мындай пикирин энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кабар" мамлекеттик агенттигине берген маегинде билдирген.

"Бүгүнкү күнү биздин жоготуулар 11,64% түзөт. Жылдын-жылга азайып келе жатат. Дебитордук карыз да азайып жатат. Азыр 500 миң акылдуу эсептегичти койсок, жоготууну мындан да азайтабыз. Бирок физиканын мыйзамы боюнча жоготууну такыр нөлгө түшүрө албайбыз. Бирок болушунча азайтканга болот. Электр энергия зым менен кетип жаткандан кийин ал жерде сөзсүз жоготуу болот. Бул техникалык жоготуу", - деп түшүндүрдү ал. 

Анын айтымына караганда, реформалардын башталышында 2021-жылы электр тармактар ​​ишканаларынын жалпы карызы 1,2 миллиард сомдон ашкан.

"Талас жана Чүй облустарын, ошондой эле Бишкек шаарын тейлеген “Түндүкэлектр” “Ошэлектр” ишканасында электр энергиянын колдонуучулары, коммерциялык түзүмдөр көп болгондуктан, каржылык абалы жакшы болгон. Ал эми “Чыгышэлектр” менен “Жалалабатэлектр” банкрот болоюн деп калган. Алар электр энергияны “Электр станцияларынан” алып, элге сатып, акчаны чогултканда, айлык бергенге акчасы жетпей калчу. Кышында керектөө көп болгон мезгилде гана жетиштүү каражат топтой алчу. Күн жылыганда, апрелден баштап кардарлар электр энергияны аз колдонгондуктан, акчасы аз түшүп, алар айлыгын да бере албай, салык, Соцфондго карыз болуп калчу. Ишкананы жаңылоо үчүн бир нерсе сатып алганга каржы маселеси аз болгон. Бүгүнкү күнү андай көйгөй жок. Азыр баары борборлоштурулган", - деди ал.