Салык кызматы Манас шаарындагы базардан мыйзамсыз тамеки продукциясын аныктады
20 апрель

Салык кызматы Манас шаарындагы базардан мыйзамсыз тамеки продукциясын аныктады

Салык кызматынын кызматкерлери рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө Манас шаарындагы “Береке” базарынан мыйзамсыз тамеки продукциясын аныкташты.

Тактап айтканда, базардын унаа токтотуучу жайынан жалпы суммасы болжол менен 133 миң сомду түзгөн 1 миң 110 даана тамеки кутусу табылып, тартып алынды. Продукцияда акциздик маркалар жана тиешелүү коштомо документтер болгон эмес.

Бул факты боюнча жеринде тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.