Адылбек Касымалиев жана Александр Турчин "Автомаш-Радиатор" заводунда болушту
Министрлер кабинети
5 июнь

Адылбек Касымалиев жана Александр Турчин "Автомаш-Радиатор" заводунда болушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Беларус Республикасынын премьер-министри Александр Турчин "Автомаш-Радиатор" заводунда болушту. 

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, алар ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, өндүрүштүк цехтерди, технологиялык линияларды жана өндүрүлгөн продукцияны көрүштү. 

Заводдун жетекчилиги ишкананын учурдагы иши, өндүрүштүк кубаттуулугу, киргизилип жаткан технологиялар, ошондой эле мындан аркы өнүгүү перспективалары тууралуу маалымат берди. 

Он жылдан ашуун убакыттан бери "Автомаш-Радиатор" ишканасы беларус өнөктөштөрү менен активдүү кызматташып келет. Иш сапардын жүрүшүндө өнөр жай кооперациясын кеңейтүү, өндүрүштүк потенциалды жогорулатуу жана эки өлкө ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.