Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекеттердин Бирдиктүү текстиль кластерин түзүү демилгесин көтөрдү
ШКУга мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин 4-кеңешмесинде Кыргызстан Бирдиктүү текстиль кластерин түзүү боюнча Макулдашуунун долбоорун иштеп чыгууну сунуштады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты.
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков белгилегендей, бул демилге чийки заттарды экспорттоо моделинен толук өндүрүштүк циклге өтүүгө, кошумча наркты көбөйтүүгө жана өнөр жай кооперациясын тереңдетүүгө багытталган.
Долбоор төрт негизги багытты камтыйт:
- өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүү,
- рынокторго жеткиликтүүлүктү кеңейтүү,
- технологиялык модернизация жана логистиканы жакшыртуу,
- товарлардын санариптик көзөмөлдүүлүгүн камсыз кылуу.
Кыргыз тарап биргелешкен жип ийрүүчү, токуу жана тигүү өндүрүштөрүн түзүүгө багытталган инвестициялык долбоорлордун реестрин иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүүнү да сунуштады.
Министрдин айтымында, демилгенин ишке ашырылышы ШКУ мейкиндигинде атаандаштыкка жөндөмдүү текстиль экосистемасын түзүүгө, жаңы жумуш орундарын ачууга жана мамлекеттердин экономикалык өсүшүн камсыздоого өбөлгө түзөт.
