Кыргызстанда криптовалюта рыногу жаңы колдонуучуларды өзүнө тез тартууда
сүрөт: depositphotos.com
17 сентябрь

Кыргызстанда криптовалюта рыногу жаңы колдонуучуларды өзүнө тез тартууда

Кыргызстанда криптовалюта рыногу жаңы колдонуучуларды тез тартууда. Бирок санариптик активдердин жайылуу темпине салыштырмалуу аудиториянын бул багыттагы билим деңгээли азырынча төмөн бойдон калууда.

Бул тууралуу Binance компаниясы тарабынан 2026-жылдын август-сентябрь айларында Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан 250дөн ашык респонденттин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары күбөлөндүрөт.

Изилдөөгө ылайык, катышуучулардын 26%ы акыркы алты айда криптовалютага кызыга баштаган, дагы 36,2%ы акыркы бир жылдын ичинде кызыккан. Ошентип, сурамжылоого катышкандардын 60%дан ашыгы рынокко салыштырмалуу жакында келген.

Ошол эле учурда респонденттердин 31,9%ы криптоактивдер жөнүндө укканын, бирок аларды жакшы түшүнбөй турганын билдирген. Дагы 30,7%ы өз билим деңгээлин базалык деп баалаган. Ал эми 18,9%ы криптовалюта рыногу менен жакшы тааныш экенин айткан.

Мындан тышкары, катышуучулардын 85,8%ы 2026-жылы Кыргызстанда криптовалютага болгон кызыгуу өскөнүн байкашкан. Ал эми 67,7%ы өздөрү санариптик активдерди мурдагыга караганда көбүрөөк колдоно баштаганын билдирген.

Мындай шартта киберкоопсуздуктун мааниси да жогорулоодо. Жаңы колдонуучулар фишингге, жасалма криптосервистерге, жалган инвестициялык долбоорлорго жана биржалардын кызматкери катары тааныштырган алдамчыларга көбүрөөк туш болушу мүмкүн.

Сурамжылоого катышкандар криптовалюталардын мындан ары жайылышына негизги фактор катары билим берүүнү аташкан. Бул вариантты респонденттердин 33,1%ы тандаган.

Криптовалюталарды колдонуучулар үчүн санариптик сабаттуулук соода принциптерин түшүнүү менен гана чектелбейт. Ага аккаунттарды коргоо, эки факторлуу аутентификацияны колдонуу, шилтемелерди жана тиркемелерди текшерүү, ошондой эле сырсөздөрдү, ырастоо коддорун жана капчыктын seed-фразаларын үчүнчү жактарга бербөө да кирет.

Изилдөөнүн жыйынтыктары Binance аудиториясынын жоопторун чагылдырат жана аларды Кыргызстандын жалпы калкына автоматтык түрдө жайылтууга болбойт.