Садыр Жапаров Кыргызстанды өнүктүрүү программасы 4 багыт менен ишке ашаарын айтты
25 декабрь

Садыр Жапаров Кыргызстанды өнүктүрүү программасы 4 багыт менен ишке ашаарын айтты

2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүнүн улуттук программасы кабыл алынды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда билдирди. 

Айтымында, аталган программаны кабыл алуу менен өлкө тарыхынын жаңы этабын баштады. 

Мамлекет башчы белгилегендей, 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасында 4 негизги багыт бар: 

1. Индустриялаштыруу.
2. Өлкөнү логистикалык хабга айлантуу. 
3. Айыл чарба жана туризмди жащылдандыруу. 
4. Жашыл экономиканы жандандыруу. 

“Индустриялаштыруу менен өнөр жайды эки эсе көбөйтүүнү пландаштырып жатабыз. 

Аймактарга индустриялык технопарк зоналары түзүлүп, ири өндүрүш объектилери курулат. 

Транспорттук логистикалык хабды түзүү үчүн жаңы темир, авто жолдорун, логистикалык борборлорду, кампа комплекстерин куруу керек. Жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөштүрүлөт, административдик тоскоолдук жоюлат. 

Айыл чарба жогорку технологияга жетишип, экономиканын кирешелүү секторуна айланат. Максат – кайра иштетүүнү эки эсе жогорулатуу, азык-түлүк менен өзүбүздү өзүбүз камсыздай турган чекке жетүү жана экспортту күчөтүү”, – деди президент. 

Ошондой эле туризмди эл аралык талаптарга жооп берген, заманбап, кирешелүү тармакка айландыруу боюнча айтты. 

Ал 2030-жылга карата туризмдин ИДПдагы үлүшү 7 пайызга жетерин жана Кыргызстан дүйнөдөгү 50 мыкты туристтик өлкөлөрдүн катарына кирээрин белгиледи.