МСК жарандарды чет өлкөлөрдөн товар ташыган шылуундардан сак болууга чакырды
16 октябрь

МСК жарандарды чет өлкөлөрдөн товар ташыган шылуундардан сак болууга чакырды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков бизнестен кабары жок айрым жарандар шылуундардын куралына айланып кетип жатканын айтып, жарандарды сак болууга чакырды.

Ал бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Айтымында, кээ бир таза эмес иштеген адамдар башка адамдардын паспортун ар кандай жол менен: алдоо же аз акчага сатып алуу жолу менен алып, анын атына жеке ишкердикти ачып, аны менен чек арадан товар өткөрүшөт.

Буга чейинки мыйзам боюнча, чек арадан алынып кирилген товар кайсы датада кирсе, кийинки айдын 20сына чейин ал үчүн КНС төлөнүшү шарт болгон. Ошондо, дээрлик 30-50 күнгө чейин мөөнөт берилген. Бул узак мөөнөттү таза эмес иштеген ишкерлер өз кызыкчылыгына колдонуп, башка бирөөнүн паспорту менен ачылган ЖИ менен чек арадан 30 күндүн ичинде көптөгөн товарларды алып киришип, андан кийин изин суутушкан.

“Биз андайда паспорт ээсине кайрылабыз, КНС төлөп коюшун сурап. Анан алар же үй-жайсыз адамдар же бизнес менен тааныштыгы жок улгайган курактагылар болуп чыгышат. Мындай учурлар көп болду. Ошондуктан, чек ара жаатында бир нече чечимдерди кабыл алып, мөөнөт берүүнү чектедик. Баштапкы мөөнөт имараттары, мүлкү бар, мурда-кийин ишенимден өткөн ири компаниялар үчүн калтырылды. Ал эми жаңы компанияларга, жаңы ишкерлерге, жаңы ишкер катары каттоодон өткөн же бир райондон башка районго которулган жеке ишкерлерге тобокелчилик тобуна туура келет деп, товар чек арага жакындап келатканда эле КНС төлөп коюуну талап кылык калдык. КНС – 12 пайыз. Бул дагы салык түшүүлөрдүн көлөмүн көбөйттү”, – деп белгиледи орун басар.