Кыргызстанда 197 иш менен камсыз кылуу агенттиги катталган
14 апрель

Кыргызстанда 197 иш менен камсыз кылуу агенттиги катталган

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Эл аралык эмгек уюмунун 1997-жылдын 3-июнунда Женева шаарында кабыл алынган Иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктери жөнүндө № 181 конвенциясын ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду.

Мыйзам долбоорун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ализа Солтонбекова тааныштырды.

Талкуу маалында депутат Чыңгыз Ажибаев конвенцияны ратификациялоону колдоп, ошондой эле чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча агенттиктердин ишине көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Эл өкүлү Нурбек Сыдыгалиев да бул агенттиктердин ишин жөнгө салуу маселесин көтөрүп, өзгөчө алар өзүнө алган милдеттенмелерди аткаруу жана жарандарга ишке орноштуруудан баш тартылган учурларда каражаттарды кайтарбоо фактыларына көңүл бурду.

Ал эми депутат Жылдыз Садырбаева Конвенцияга кошулуунун максатка ылайыктуулугуна кызыгып, бул документти бүгүнкү күндө 38 гана өлкө ратификациялаганын, ал эми КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Молдова мамлекети гана кошулганын белгиледи. Өз кезегинде комитет төрайымы Винера Раимбачаева Россиядагы эмгек мигранттардын укуктук абалын жакшыртуу маселесине токтолду.

Комитет мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, баяндамачы Кыргызстанда жалпысынан 197 иш менен камсыз кылуу агенттиги катталганын маалымдады.