1996-жылдан кийин камсыздандыруу стажын кантип калыбына келтирсе болот? Соцфонддун жообу
Социалдык фонддон 1996-жылдан кийин камсыздандыруу стажын кантип калыбына келтирсе болору тууралуу айтып беришти.
1996-жылдын январынан берки мезгил үчүн камсыздандыруу стажын калыбына келтирүү максатында:
- Кыргыз Республикасынын жарандары;
- Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар;
- Юридикалык жактар жеке жактардын пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөй алышат.
Төлөмдөрдүн көлөмү:
- Ар кандай өлчөмдө, бирок Пенсиялык фондго айына орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 8%дан кем эмес болушу шарт.
