Кумтөр мамлекетке өткөндөн бери бюджетке 1,2 млрд доллар каражат түштү
21 июль

Кумтөр мамлекетке өткөндөн бери бюджетке 1,2 млрд доллар каражат түштү

Кумтөр кени мамлекеттик башкарууга өткөн 4,5 жыл ичинде өлкө бюджетине салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 млрд 233 млн 216 миң доллар которулду. Бул тууралуу "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын отчеттук маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2022-жылдын январынан 2026-жылдын июнь айына чейинки мезгилди камтыйт.

"Аталган мезгил аралыгында компаниянын жалпы кирешеси 4 млрд 991 млн 956 миң долларды түздү. Ал эми 4,5 жыл ичиндеги таза пайдасы 2 млрд 196 млн 678 миң долларга жетти", – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, компаниянын жалгыз акционери болуп саналган "Кыргызалтын" ААКка 741 млн 298 миң доллар өлчөмүндө дивиденд төлөнүп берилди.