Бишкекте жакында Кыргыз-Өзбек бизнес-форуму өтөт
21 июль

Бишкекте жакында Кыргыз-Өзбек бизнес-форуму өтөт

Бишкекте «Кыргызстан – Өзбекстан: өнөр жай кооперациясы, инвестициялар жана соода» аталышындагы Кыргыз-Өзбек бизнес-форуму өтөт.

Иш-чара Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулат.

Форум эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоо боюнча маселелерди талкуулоочу аянтча болот.

Иш-чаранын жүрүшүндө биргелешкен келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу, өз ара сооданы өнүктүрүү жана экономикалык кызматташуунун жаңы багыттары талкууланат.

Форумдун негизги иш-чаралары жана анын жыйынтыктары тууралуу маалымат кошумча жарыяланат.