Садыр Жапаров Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынын өткөрдү
Бүгүн, 5-сентябрда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин үчүнчү жыйыны болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар мазмундуу жана предметтүү пикир жана маалымат алмашып, ошондой эле виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн мындан ары өнүктүрүү боюнча конкреттүү милдеттерди аныкташты.
Жыйынды ачып жатып, Мамлекет башчысы өз сөзүндө виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүүнүн Кыргызстан үчүн стратегиялык маанисин, ошондой эле мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарын белгиледи.
Президент биринчи кезекте технологиялык жана экономикалык трансформациянын негизги багыттарынын бирине айланып жаткан виртуалдык активдерди, блокчейн-технологияларды жана жаңы санариптик финансылык инструменттерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Президент белгилегендей, Кыргыз Республикасы мыйзамдык базаны ырааттуу өркүндөтүп, зарыл болгон технологиялык жана финансылык инфраструктураны түзүүдө, ал эми рыноктун динамикасы жана бизнес менен инвесторлор тарабынан өсүп жаткан кызыгуу бул багыттын олуттуу потенциалын ырастоодо.
Садыр Жапаров Улуттук кеңешти түзүү өз убагында кабыл алынган чечим болгонун баса белгиледи. Бир жарым жылдын ичинде Кеңеш тармакты өнүктүрүүгө карата бирдиктүү мамилени иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик органдардын, кесипкөй коомчулуктун жана эл аралык өнөктөштөрдүн аракеттерин бириктирди.
Президент эл аралык тажрыйбага жана мыкты практикаларга таянуу менен өнүгүү темптерин сактоо жана белгиленген багыттар боюнча ырааттуу илгерилөөнү улантуу зарылдыгын айтты.
Ошондой эле жыйында катышуучулар виртуалдык активдерди, блокчейн-инфраструктураны жана Кыргызстандын санариптик экономикасын өнүктүрүүнүн келечеги, эл аралык кызматташтыктын мүмкүн болгон багыттары, виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды мамлекеттик жөнгө салуу системасын мындан ары өркүндөтүү тууралуу баяндамаларды угуп, ошондой эле виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү коопсуздук жана алар менен байланышкан тобокелдиктерге каршы аракеттенүү маселелерин карашты.
Мындан тышкары, катышуучулар виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү лицензиялоо жана мамлекеттик көзөмөл процесстерин санариптик форматка өткөрүүгө мүмкүндүк бере турган жаңы санариптик платформаны тааныштырып, ошондой эле чектелген пилоттук чөйрөдө санариптик сомду ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү каралды.
Катышуучулар улуттук валютага байланыштырылган KGST стейблкоинин өнүктүрүү жана пайдалануу перспективаларын, виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ишмердикти салык салуунун учурдагы жана келечектүү ыкмаларын талкуулап, ошондой эле Кыргызстандын виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларына таасир этиши мүмкүн болгон эл аралык санкциялар жана чектөөлөр менен байланышкан тобокелдиктерге өзүнчө токтолушту.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча Президент Садыр Жапаров виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндөгү институционалдык механизмдерди жана ченемдик-укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча ишти улантуу зарылдыгын белгилеп, конкреттүү милдеттерди аныктады.
Ушуга байланыштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттикке (ВАУА) төмөнкү тапшырмалар берилди:
• виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү, анын ичинде долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоону камсыз кылуу. Бардык министрликтер жана ведомстволор Агенттик менен макулдашылган ишти милдеттүү түрдө жүргүзүшү зарыл;
• үч айлык мөөнөттө келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылардын топтомун кабыл алууну камсыз кылуу;
• үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын “Виртуалдык активдер жөнүндө” мыйзамына жана тиешелүү маселелерди жөнгө салуучу башка мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин иштеп чыгуу.
Мамлекеттик салык кызматына эки айлык мөөнөттө салыктык жөнгө салууну өркүндөтүү маселелерин кароо тапшырмасы берилди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндөгү тобокелдиктерди натыйжалуу башкаруу маанилүү милдет бойдон калууда. Буга байланыштуу УКМК жана ИИМге колдонуудагы мыйзамдарды жана өз ара аракеттенүү механизмдерин комплекстүү баалоо, ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти, маалымат алмашуунун жана чара көрүүнүн тартибин так аныктоо менен бирдиктүү мамилени иштеп чыгуу тапшырылды.
Лицензиялоо жана көзөмөл жүргүзүү үчүн бирдиктүү платформа түзүү демилгесин Мамлекет башчысы колдоду.
ВАУАга бир айлык мөөнөттө платформанын наркын аныктоо жана каржылоо булактары боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды. 2027-жылдын 1-январынан тартып платформаны пилоттук тестирлөөгө киришүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына санариптик сомдун базалык платформасын иштеп чыгуу жана аны 2026-жылдын 31-декабрына чейин пилоттук тестирлөөдөн өткөрүү, ал эми 2027-жылдан тартып аны реалдуу шарттарда тестирлөөгө киришүү жана андан ары этап-этабы менен улуттук деңгээлде жайылтуу милдеттендирилди.
Президент Садыр Жапаров ошондой эле виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндө кадрдык потенциалды күчөтүү ишин улантуунун зарылдыгын баса белгиледи.
Ушуга байланыштуу Илим жана жогорку билим берүү министрлигине аталган чөйрөнү өнүктүрүү үчүн талап кылынган актуалдуу жана келечектүү багыттар боюнча адистерди сапаттуу даярдоону камсыз кылуу тапшырылды.
