Кыргызстанда жылына 3 миң тоннага чейин кубаттуулуктагы балыкты кайра иштетүү кластери өнүктүрүлүүдө
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары министри Эрлист Акунбеков 12-августта «Салих Аква» балык чарба комплексине барып, вертикалдуу интеграцияланган балык чарба кластерине кирген ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Маалыматка ылайык, комплекс жылына 5 миң тонна балык тоютун өндүрүүнү, икра инкубациялоону, чабактарды өстүрүүнү, асыл тукум жана товардык балык чарбасын, ошондой эле кайра иштетүүнү камтыйт.
Учурда жылына 3 миң тоннага чейин даяр продукция өндүрүүчү балыкты терең кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүүгө даярдык аяктап жатат. Ишкана өзүнүн балыгын гана эмес, өлкөдөгү башка балык чарбаларынын продукциясын да кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле компаниянын эки аймактык долбоору тааныштырылды: Курпсай суу сактагычында форель өстүрүүчү садок чарбасы 2030-жылга чейин жылына 5 миң тоннага чейин продукция өндүрүүгө жеткирүү пландалууда, ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жылына 270 тонна балык өндүрүүгө багытталган осетр чарбасы өнүктүрүлүүдө.
Долбоорлор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-июлундагы №202 Жарлыгынын алкагында ишке ашырылып, товардык өндүрүштү, кайра иштетүүнү, импортту алмаштырууну жана экспорттук потенциалды өнүктүрүүгө багытталган.
Компаниянын өкүлдөрү балык чарба кластерин жана заманбап индустриалдык аквакультураны өнүктүрүүдө Министрликтин колдоосун белгилешти.
