Дүйнөдө жаштар арасындагы жумушсуздук кайрадан өсүүдө.
Дүйнөдө жаштар арасындагы жумушсуздук кайрадан өсүүдө. Жаштардын иш менен камсыз болушуна байланыштуу абал жумушсуздуктун бир нече жылдык төмөндөшүнөн кийин начарлай баштады. Эл аралык эмгек уюмунун маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 25 жашка чейинки 67 млн адам жумуш издеген.
Жаштар арасындагы жумушсуздуктун деңгээли ушул курактагы экономикалык активдүү калктын 12,4 пайызын түздү.
2020-жылы пандемия маалында бул көрсөткүч 15 пайыздан ашкан. 2023-жылга карата 12,3 пайызга чейин төмөндөгөн, бирок андан кийин жумушсуздуктун азайышы токтоп, көрсөткүч акырындык менен кайра өсө баштаган.
Салыштыруу үчүн, 25 жаштан жогорку адамдар арасындагы дүйнөлүк жумушсуздуктун орточо деңгээли 3,6 пайызды түзөт. Бул жаштар арасындагы көрсөткүчтөн үч эседен ашык төмөн.
Ошол эле учурда иштебеген жана окубаган жаштардын саны да көбөйгөн. 2025-жылы алардын үлүшү 0,3 пайыздык пунктка өсүп, 20 пайызга жеткен. Дүйнө жүзүндө мындай категорияга болжол менен 257 млн адам кирет.
Жаштар арасындагы жумушсуздуктун эң жогорку деңгээли араб өлкөлөрүндө катталып, 26,2 пайызды түзгөн. Түндүк Африкада бул көрсөткүч 22,6 пайыз, ал эми Түндүк, Түштүк жана Батыш Европада 15 пайызды түзөт.
Эң төмөн көрсөткүч Сахаранын түштүгүндөгү Африка өлкөлөрүндө – 8,4 пайыз, Түштүк-Чыгыш Азия жана Океанияда – 9,5 пайыз, Түндүк Америкада – 9,8 пайыз болгон.
Муну менен катар жаштар арасындагы жумушсуздук Түндүк Африкада 1,8 пайыздык пунктка, Түндүк Америкада 1,6 пайыздык пунктка, Түндүк, Түштүк жана Батыш Европада 0,8 пайыздык пунктка өскөн.
Акыркы эки жылда жаштар арасындагы жумушсуздук өскөн өлкөлөрдүн саны ал төмөндөгөн мамлекеттердин санынан дээрлик эки эсеге көп болгон – 105ке каршы 58 өлкө.
Эл аралык эмгек уюму абалдын начарлашын, анын ичинде жаңы жумуш орундарын түзүүнүн жетишсиз темпи менен байланыштырат. Айрым аймактарда жаштардын санынын өсүшү жалпы жумуш менен камсыз болуунун өсүшүнөн ылдамыраак болууда.
Дагы бир фактор – жасалма интеллекттин жайылуусу. Эксперттердин баамында, 15 жаштан 29 жашка чейинки жаштар ээлеген жумуш орундарынын 6,1 пайызы жасалма интеллекттин таасирине көбүрөөк дуушар болгон жана жок болуп кетүү коркунучу бар категорияга кирет.
