ЭКМ: Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын «Ак-Тилек» өткөрүү пунктундагы автотранспорт каражаттарынын өтүүсү боюнча билдирүүсү
Учурда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын «Ак-Тилек» өткөрүү пункту жайгашкан тилкесиндеги жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын өтүүсүнө байланыштуу түзүлгөн кырдаалга мониторинг жүргүзүүдө.
«Ак-Тилек» өткөрүү пункту аркылуу жүк ташуучу автотранспорт каражаттарын өткөрүү штаттык режимде жүргүзүлүүдө.
Азыркы учурда Казакстан Республикасы тарабынан өткөрүү мүмкүнчүлүгүнүн төмөндөшү байкалган жок.
Автотранспорттук каражаттардын топтолушу биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын аймагынан экспорттук агымдын көлөмүнүн көбөйүшүнө байланыштуу.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары аталган кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантып, маалымат алмашуу маселелери боюнча Казакстан Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары менен өз ара аракеттенүүдө.
2026-жылдын 23-майына карата «Ак-Тилек» өткөрүү пункту аркылуу өтүү үчүн кезекте 270 автотранспорт каражаты турат.
