Жумабеков тигүүчүлөрдүн маселесин чечүү үчүн депутаттар Россияга иш сапары менен барышы керек дейт
28 январь

Жумабеков тигүүчүлөрдүн маселесин чечүү үчүн депутаттар Россияга иш сапары менен барышы керек дейт

Депутат Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын Россияга болгон иш сапарын уюштурууну төрага Нурланбек Тургунбек уулунан суранды. 

“Учурда Кыргызстандын жеңил өнөр жайы кыйынчылыкка кабылып, товарлар Россияга кире албай, чек арада миллиондогон долларлар жатат. Тигүүчүлөр бул боюнча ММКлар аркылуу да, жеке бизге кайрылып да жардам сурап жатышат. Сиз Россия Федерациясына расмий иш-чара уюштурсаңыз. Барып Мамдуманын төрагасы, Федерация кеңешинин төрайымына жолугуп, эмнеге ушундай көйгөй болуп жатканын талкуулайлы”, – деди Жумабеков. 

Нурланбек Тургунбек уулунун айтымында, Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин ага расмий чакыруу жиберишкен. Ага байланыштуу март айынын үчүнчү жарымында Россияга иш сапары менен барат жана анын алкагында аталган көйгөйлөр тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.