Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсү 3,6% азайды
2026-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсү 4 760,7 млн. АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
Маалыматка ылайык, көрсөткүч 2025-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,6 пайызга азайды.
Мында экспорт 11,7% азайса, тескерисинче импорт 1 пайызга жогорулаган.
Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы аталган мезгилде 1 790,5 млн АКШ долларын түзүп, 1,8: кыскарган.
Бул мезгилде өз ара сооданын негизги үлүшү Россияга (67,4% ) жана Казакстанга (30,2%) туура келди.
