Жети-Өгүздө полистиролбетон чыгаруучу ишкана ачылды
28 январь

Жети-Өгүздө полистиролбетон чыгаруучу ишкана ачылды

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда полистиролбетон чыгаруучу ишкана ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду кабарлайт. 

Маалыматта айтылгандай, жергиликтүү ишкер 2025-жылы долбоор менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна кайрылган.

Долбоор Жети-Өгүз районунун башчысы жана фондтун Байкоочу кеңеши тарабынан колдоого алынып, 4,5 млн.сом кайтарымдуу, пайызсыз насыя бөлүү чечими чыгарылган.

Бул каражатка материалды чыгаруучу атайын формалар, погрузчик атайын техникасы жана башка тийиштүү шаймандар сатылып алынган.

Ишкердин айтымында, полистеролбетон курулуш тармагында кеңири колдонулуп жаткандыктан, суроо-талап көбөйүүдө. Себеби, ал нымдуулукка жогорку туруштук берүү менен бирге дубалдарды, тосмолорду курууда, полду жана чатырларды жылуулоодо, ошондой эле монолиттик куюууда колдонулат. Баасы дагы салыштырмалуу чөнтөкө жеңил болууда.

Ишкана 6 кишини иш менен камсыздап, жергиликтүү бюджетке салымдарын төлөп турмакчы. Полистиролбетон – цемент, суу, кеңейтилген полистирол гранулаларынан жана кошумчалардан турган жеңил композиттик бетон.