Жогорку Кеңеште «Эмгекти коргоо жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өттү
20 февраль

Жогорку Кеңеште «Эмгекти коргоо жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өттү

Бүгүн, 20-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитети «Эмгекти коргоо жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрдү.

Парламенттик угууга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында баяндама жасаган эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов белгилегендей, мыйзам долбоору кызматкерлер үчүн дени сак жана коопсуз эмгек шарттарын түзүү, өндүрүштөгү кырсыктарды жана кесиптик оорулардын алдын алуу, ошондой эле ишканалардын жана мамлекеттик деңгээлде эмгекти коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Талкуу маалында комитет төрайымы Гүлсүнкан Жунушалиева эмгек талаштарын сот тартибинде чечүү жана кадрдык электрондук эсепке алуу системаларын колдонууда персоналдык маалыматтарды коргоо маселелерин көтөрдү. Баяндамачы бул багытта учурда жеке маалыматтарды күчөтүлгөн коргоо менен камсыз кылган «Жумуш.гов» электрондук системасы иштелип жатканын маалымдады. Ал эми эл өкүлү Улукбек Карыбек уулу мамлекеттик органдарда да, жеке сектор уюмдарында да кадрлардын квалификациясын жогорулатуу маселесин ортого салды. Депутат Токтобүбү Ашымбаева эмгекчилердин укуктарын натыйжалуу коргоо, ошондой эле мындай фактыларды өз убагында аныктап, жоюу максатында эмгек инспекторлорунун ишин күчөтүүнү сунуштады.

Ошондой эле парламенттик угууга катышкан мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана профсоюздардын өкүлдөрү мыйзам долбоорунда анын аткарылышын көзөмөлдөй турган ыйгарым укуктуу органдарды так аныктоо зарылдыгын белгилешти.

Жалпысынан жыйында эмгекти коргоо маданиятын калыптандыруу, өндүрүштөгү жаракат алуулардын статистикасын жакшыртуу, алдын алуу чараларын күчөтүү жана ишканалардагы ички көзөмөл механизмдерин өркүндөтүү маселелери кеңири талкууланды.