Адылбек Касымалиев Кыргызстандын суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
5 сентябрь

Адылбек Касымалиев Кыргызстандын суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. 

Куттуктоонун тексти: 

“Урматтуу суу чарба тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери! 

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Суу чарба кызматкерлеринин күнү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм!

Суу чарбасы – көзгө көп көрүнбөгөнү менен, өлкөнүн ар бир тармагына, ар бир аймагына жана ар бир үй-бүлөсүнө тиешеси бар өзгөчө маанилүү тармак. Суу бар жерде – жашоо бар, суу бар жерде – эмгек, өндүрүш жана береке бар. Ошондуктан суу ресурстарын сактоо, туура башкаруу жана натыйжалуу пайдалануу – мамлекеттин бүгүнкүсү гана эмес, келечеги үчүн да зор жоопкерчилик.

Өлкөбүздүн суу чарба тармагынын 100 жылдан ашуун тарыхы бар. Ушул убакыт аралыгында миңдеген суу чарба адистери, инженерлер, куруучулар жана жумушчулар өздөрүнүн талыкпас эмгеги менен каналдарды, суу сактагычтарды, гидротехникалык курулмаларды куруп, сууну талаага, элге жана экономикага жеткирүүнүн чоң системасын түзүштү. Алардын эмгеги бүгүнкү күндө да өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн бекем пайдубалы болуп кызмат кылууда.

Бүгүн бул улуу эмгек салты жаңы мазмун менен улантылууда. Мамлекет тарабынан суу чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, жаңы каналдар жана суу сактагычтар курулуп, суу чарба объектилери реконструкцияланып, инфраструктура жаңыланууда. Бул иштер суу ресурстарын топтоого жана натыйжалуу пайдаланууга, сугат жерлердин аянтын кеңейтүүгө жана өлкөбүздүн суу коопсуздугун бекемдөөгө багытталган.

Ошол эле учурда тармактын ишине заманбап технологиялар жана санариптик чечимдер активдүү киргизилүүдө. Сууну эсепке алуу, көзөмөлдөө, бөлүштүрүү жана башкаруу процесстерин өркүндөтүү суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана башкаруунун сапатын жогорулатууга шарт түзүүдө.

Суу чарба башкармалыктарын жаңы заманбап техникалар менен камсыз кылуу да тармактын өнүгүүсүнө олуттуу өбөлгө болууда. Техника күчтүү болсо, суу чарба объектилерин өз убагында тейлөөгө, каналдарды тазалоого, авариялык кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө жана сугат мезгилин сапаттуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк кеңеет.

Муну менен катар мамлекет үчүн суу чарба кызматкеринин эмгегин татыктуу баалоо өзгөчө мааниге ээ. Тармак кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу, эмгек шарттарын жакшыртуу жана кесиптин кадыр-баркын көтөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер – суу чарбасын өнүктүрүүгө адамдык капиталдын кошкон салымын таануунун маанилүү белгиси.

Бүгүнкү дүйнөдө климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн азайышы, суу тартыштыгы жана суу ресурстарына болгон талаптын өсүшү жаңы чакырыктарды жаратууда. Мындай шартта ар бир тамчы суунун баркы мурдагыдан да жогору. Демек, алдыбызда турган милдет – суу ресурстарын жөн гана пайдалануу эмес, аны көздүн карегиндей сактап, кийинки муундарга жеткирүү.

Бул милдетти аткарууда сиздердин кесипкөйлүгүңүздөргө, тажрыйбаңыздарга жана мекенчилдигиңиздерге чоң ишеним артылат. 

Урматтуу суу чарба кызматкерлери!

Сиздердин эмгегиңиздердин натыйжасы – жаңы түшүм, жашыл талаа, иштеген ишкана, өнүккөн айыл жана бакубат жашоо. Кээде сиздердин эмгегиңиздердин натыйжасы бир караганда көрүнбөшү мүмкүн, бирок суу жеткен ар бир талаада, өскөн ар бир данда, гүлдөгөн ар бир бакта сиздердин эмгегиңиздердин изи бар.

Суу чарба тармагынын ардагерлерине көп жылдык ак эмгеги, кесиптик тажрыйбасы жана тармакты түптөөгө кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Ал эми бүгүнкү күндө суу чарбасын алга сүрөп келе жаткан бардык кызматкерлерге жоопкерчиликтүү эмгегиңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык айтам.

Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө бекем ден соолук, бакубатчылык, ынтымак, түгөнгүс күч-кубат жана ишиңиздерг  е чоң ийгиликтерди каалайм! 

Суу чарбасынын өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү болсун! 

Суу ресурстары ар дайым элибиздин бакубатчылыгынын жана ырыскы-берекесинин булагы болуп калсын! 

Кесиптик майрамыңыздар кут болсун!”.