Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты
28 январь

Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Бишкекте 27-январда экономика министринин орун басары Медербек Тумановдун Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Хвтисиашвили менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-грузин соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү, түз аба каттамдарын ачуу, туристтик тармакта кызматташтыкты жолго коюу, ошондой эле транспорттук-логистикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча зарыл болгон мындан аркы чараларды көрүүгө макулдашышты.