Бишкекте жарманкеде арзан баадагы жумурткалар сатыкка чыкты
Бишкектеги эски аянтта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги уюштурган жарманкеде арзан жумуртка сатылууда. Бул иш-чара жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукциясын калкка жеткиликтүү баада сунуштоо максатында өткөрүлүүдө.
Жумуртка өндүрүүчү ата-мекендик компания базарга жумуртканын ири партиясын алып чыгып, сатыкка чыгарды. Жумуртканын бир даанасы маркасына жараша 11 сомдон башталып, 13 сомго чейин сатылууда.
Бул демпинг ыкмасы – рынокто баалардын туруктуулугун сактоо, атаандаштыкты арттыруу жана калкты сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында колдонулууда. Адистердин айтымында, баанын төмөндөшү рыноктогу жумуртка бааларынын табигый жол менен туруктуу болушуна өбөлгө түзөт.
Жарманкеде сатыкка чыккан жумуртканын ири партиясы бардык керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу болуп саналат. Сатып алуучулар Бишкектеги эски аянтка келип, арзан баадагы жумуртка менен камсыз боло алышат.
Министрлик калкты мындай иш-чараларга активдүү катышууга чакырат жана ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоону улантууга үндөйт.
