Кыргызстан боюнча өрүк жана малина өстүрүүдөгү чемпиондор аныкталды
11 январь

Кыргызстан боюнча өрүк жана малина өстүрүүдөгү чемпиондор аныкталды

Өлкө боюнча өрүк жана малина өстүрүүдөгү чемпиондор аныкталды, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, алар – Эргашев Кабылбек жана Аблес Жаныбеков.

Фермер Кабылбек мырза өрүк өстүрүп, 2011-жылы отургузулган 3 гектардагы 750 түп өрүк багынан 12 тонна өрүк кагынын түшүмүн жыйнап, 2 млн сом киреше тапты. Ал эми 0,5 гектар эрте бышуучу өрүктүн сортунан үчүнчү жылы 3000 кг түшүм алып, 600 миң сом пайда көргөн.

Аблес Жаныбеков болсо малина өстүргөн участкасынан сезонуна 1 гектарынан 17 тонна малина чогултууда.

Сиз дагы ушундай жыйынтыктарды жаратып, жакшы киреше тапкыңыз келеби? Анда, багбанчылыкта чоң жетишкендиктерге жетишип, ийгилик жараткан адистер жана фермерлер 2025-жылдын 28-29-30 жана 31-январында саат 10:00дө К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде кызыл килемден өтүп, өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, өрүк, малинана өстүрүүнүн заманбап технологиялары жана түшүмдүүлүктү арттыруунун сырлары менен бөлүшөт.

Иш-чара тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн: 0770850015 (Турат Идрисов), министрликтин бөлүм башчысы.