Кыргызстан туристтик рейтингде транспорттук инфраструктуранын өсүшү боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээледи
Сүрөт ачык булактардан алынды
25 ноябрь

Кыргызстан туристтик рейтингде транспорттук инфраструктуранын өсүшү боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээледи

Кыргызстан 2026-жылдагы Саякат жана туризмди өнүктүрүү индексинде жер үстүндөгү жана порттук транспорттук инфраструктураны баалоо көрсөткүчүнүн өсүшү боюнча дүйнөдөгү 110 өлкөнүн ичинен биринчи орунду ээледи.

Дүйнөлүк экономикалык форумдун Zurich Insurance Group менен биргеликте даярдаган отчетуна ылайык, акыркы эки жылда өлкөнүн бул көрсөткүчү 24%га жогорулаган.

Саякат жана туризмди өнүктүрүү боюнча жалпы рейтингде Кыргызстан 7 баллдын ичинен 3,44 балл топтоп, 93-орунду ээледи. 2024-жылдын кайра эсептелген жыйынтыктарына салыштырмалуу өлкө эки тепкичке жогорулаган. Жалпы көрсөткүчү эки жылда 2,2%га, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу 5,9%га өскөн.

Изилдөөгө кирген Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстан үчүнчү орунда турат.

Алсак, Казакстан 4,09 балл менен 56-орунду, Өзбекстан 3,69 балл менен 76-орунду ээледи. Ошол эле учурда эки коңшу өлкө тең рейтингде төрт тепкичке төмөндөгөн. Казакстандын көрсөткүчү 1,6%га жакшырса, Өзбекстандыкы 1,1%га азайган.

2026-жылдагы изилдөөгө Тажикстан менен Түркмөнстан кирген эмес. Рейтингге катышкан өлкөлөрдүн саны 119дан 110го кыскарган.

Дүйнөлүк экономикалык форумдун индекси өлкөлөрдө туризм тармагын өнүктүрүү үчүн түзүлгөн шарттарды баалайт. Ал 17 багытка бириктирилген 102 көрсөткүчтү камтыйт.

Эксперттер транспорттук инфраструктурадан тышкары коопсуздук, ишкердик чөйрө, квалификациялуу кадрлардын болушу, жаратылыш жана маданий ресурстар, туристтик инфраструктура жана экологиялык туруктуулук сыяктуу багыттарды да эске алышат.

Дүйнөлүк рейтингде Япония 5,27 балл менен биринчи, АКШ 5,23 балл менен экинчи, Испания 5,22 балл менен үчүнчү орунду ээледи.

Жалпысынан акыркы эки жылда изилдөөгө катышкан 101 өлкөнүн көрсөткүчү жакшырган. Катышуучу өлкөлөрдүн орточо баасы 2,1%га өскөн.