Улуттук банк төлөм системаларын көзөмөлдөгөндөн кийин жалпысынан 1,7 млн сомго жакын айып салды
Кыргызстандын Улуттук банкы 2026-жылдын үчүнчү чейрегиндеги көзөмөл иш-аракеттеринин жыйынтыгында жалпы суммасы 1 686 609 сом болгон 12 айып пул салган. Бул тууралуу КР УБдан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын 3-чейрегинде төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын (ТСО/ТУ) инспектордук текшерүүлөрүнүн алкагында 97 жазма буйрук жөнөтүлүп жана жалпы суммасы 1 521 609 сом суммасында 9 айып салынды.
2026-жылдын 3-чейрегинде тышкы көзөмөлдүн алкагында ТСО/ТУнун 10 жазма буйругу жөнөтүлдү, төлөм системалары боюнча банктарга 2 жазма буйрук жөнөтүлүп, ошондой эле ТСО/ТУна жалпы суммасы 165 миң сомго 3 айып салынган.
Мындан тышкары, Улуттук банк эл аралык электрондук акча системасынын 4 операторунун каттоосун жокко чыгарды.
