Ишкердиктин айрым тармактарына салыктык жеңилдиктерди берүүгө багытталган мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды
Бүгүн, 24-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, үч окууда кабыл алынды.
Демилгечи – Министрлер кабинети.
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин «Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө» 2025-жылдын 5-декабрындагы № 350 Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Анда төмөнкүдөй өзгөртүүлөр сунушталууда:
- Зергердик өндүрүшү үчүн керек болгон жабдууларды, технологияларды жана жарым фабрикаттарды импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотуу, чет өлкөлүк көргөзмөлөргө жана жарманкелерге катышуу үчүн зергердик буюмдарды ташып чыгарууда бажы жыйымдарын жана салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди жана преференцияларды берүү.
- Легалдаштыруу мезгилинде салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө мораторий белгилөө менен баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдардын мурда ташып киргизилген же өндүрүлгөн калдыктарын эки айдын ичинде легалдаштыруу.
- Үч жылдык мөөнөткө жеке жана юридикалык жактарды автомототранспорт каражаттарын сатууда салыктарды төлөөдөн бошотуу, Кыргыз Республикасынын ишканаларында чыгарылган же чогултулган транспорт каражаттарын, алардын комплекттөөчүлөрүн саткан учурда сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотуу.
- Тигүү тармагынын субъекттери үчүн киреше салыгынын ставкаларын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин төмөндөтүү.
Талкуу маалында депутат Марлен Маматалиев чет элдик каттоо номерлери бар унааларды мыйзамдаштыруудан канча каражат чогулганын тактады. Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов бюджетке 1 млрд 800 млн сом түшкөнүн билдирди.
Депутат Дастанбек Жумабеков Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагы менен чектешкен жеринен тиешелүү документтери жок товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүү эрежелерин бузгандыгы үчүн айып салуунун канчалык максатка ылайык экендигин сурады.
Депутат Гуля Кожокулова алкоголдук продукцияны чекене сатууга лицензия берүүнү жоюуга каршы чыгып, мүмкүн болуучу терс кесепеттерди белгиледи. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бул ченем алкоголдук продукциянын жүгүртүлүшүнө көз салууну камсыз кылууга жана көмүскөдөн чыгарууга багытталганын билдирди.
Депутат Жылдыз Садырбаева Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө салык мыйзамдарын колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экендигин айтып, байма-бай оңдоолор ишкерлерге терс таасир этерин кошумчалады. Депутат Бурун Аманова текстиль тармагындагы көйгөйлөргө көңүл буруп, аталган тармакка каржылык колдоо көрсөтүү зарылдыгын билдирди.
