Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсүнүн дээрлик үчтөн экиси Россияга туура келди
Сүрөт ачык булактардан алынды
21 октябрь

Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсүнүн дээрлик үчтөн экиси Россияга туура келди

Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2026-жылдын январь–август айларында 4,3 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу соода жүгүртүү 5,5%га өскөн.

ЕАЭБ алкагында Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү Россия бойдон калууда. Анын өз ара соодадагы үлүшү 64,5%ды түздү. Ал эми Казакстандын үлүшү 32,7% болду.

Ошол эле учурда Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорту 9,1%га төмөндөсө, импорту 9,3%га өскөн.

ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүү Кыргызстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсүнүн 36%ын түздү.

Ал эми биримдикке кирбеген үчүнчү өлкөлөр менен соода жүгүртүү 7,7 млрд долларга жетип, 18,2%га өскөн.