Чүй облусунда чакан гидроэлектростанция ишке кирди
Чүй облусунда «Шамшы» аттуу чакан гидроэлектр станциясы пайдаланууга берилди.
Анын курулушу Россия–Кыргызстан өнүктүрүү фонду тарабынан көрсөтүлгөн каржылык колдоонун негизинде рекорддук кыска мөөнөттө аяктады.
Долбоорду каржылоо боюнча 1 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү келишим 2024-жылдын октябрь айында түзүлүп, бүгүнкү күндө станция электр энергиясын өндүрө баштады.
Кубаттуулугу 1,7 МВт болгон жаңы станция жылына болжол менен 10 миллион кВт·саат электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул Чүй облусунун Чүй районунун электр энергиясына болгон муктаждыгынын болжол менен 12 пайызын камсыздайт. Пайдаланууга берилген объект Россия–Кыргызстан өнүктүрүү фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан, жалпы кубаттуулугу 600 МВтка жакын жана жылдык өндүрүмү 1,5 млрд кВт·сааттан ашкан электр энергиясын генерациялоо багытындагы 16 долбоордун бири болуп саналат. Бул Кыргызстанда энергетикалык коопсуздукту камсыздоого багытталган маанилүү кадам.
Чакан гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду колдоо президент Садыр Жапаров тарабынан энергетика секторун жаңылоо жана кеңейтүү боюнча коюлган милдеттерди ишке ашыруунун негизги элементтеринин бири болуп саналат жана Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына толук шайкеш келет. Россия–Кыргызстан өнүктүрүү фонду өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын чыңдоо багытындагы иштерин улантат.
