Кыргызстан менен Улуу Британия экономикалык жана соода-инвестициялык кызматташтыкты талкуулашты
Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер жолугушту.
КР ТИМден кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 116-январда өткөн.
Тараптар эки тараптуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулап, экономикалык, соода-инвестициялык, тоо-кен жана транспорт тармагындагы биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде британдык UKEF экспорттук кредиттик агенттиги аркылуу ишке ашырууга басым жасашты.
Жолугушуунун соңунда тараптар саясий диалогду улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты жана эки тараптуу кыргыз-британ кызматташтыгын бекемдөө максатында жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу боюнча биргелешип иштөөнү улантууну макулдашышты.
