Бакетаев Кыргызстан 700 млн долларга чыгарган еврооблигациялардан түшкөн каражат кайда жумшалганын айтты
24 декабрь

Бакетаев Кыргызстан 700 млн долларга чыгарган еврооблигациялардан түшкөн каражат кайда жумшалганын айтты

Кыргызстан 2025-жылы 700 миллион долларга евроблигацияларды чыгарган жана саткан. А андан түшкөн каражат кайда жумшалганына Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев кызыкты. 

Финансы министри Алмаз Бакетаевдин айтымында, баалуу кагаздарды чыгаруу бул негизинен имидждик долбоор болгон, эл аралык финансылык уюмдары бул тууралуу белгилешкен. 

“Андан түшкөн каражаттарды банк секторуна жумшадык. Элдик банктын капитализациясы дээрлик 1 миллиард долларга жетти. Бул банктын 1,5 миллиар долларлык долбоорлору бар, аны каржылайт”, – деди министр.