«Кемин – Балыкчы» аба электр линиясын курууга 67,7 млн евро сарпталат
7 апрель

«Кемин – Балыкчы» аба электр линиясын курууга 67,7 млн евро сарпталат

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети бүгүн, 7-апрелдеги жыйында «2025-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Кемин» подстанциясы менен жаңы «Балыкчы» подстанциясынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын куруу долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну («Кемин» подстанциясы менен жаңы «Балыкчы» подстанциясынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын куруу долбоору) ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды.

Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов белгилегендей, «Кемин-Балыкчы» АЧ-500 кВ электр берүү линиясын жана «Балыкчы» КЧ-500 кВ жаңы көмөк чордонун куруу долбоору улуттук энергетика тутумунун туруктуулугун жогорулатууга жана транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө, учурдагы 220 кВ линияларынын ашыкча жүктөлүшүнө байланыштуу чектөөлөрдү жоюуга, ошондой эле Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан кайра жаралуучу энергия булактарынын (күн жана шамал генерациясы) жаңы объекттеринин кубаттуулугун камсыздоого багытталган.

Долбоордун жалпы суммасы 67,7 млн еврону түзөт (61,7 млн евро – кредит, 3,0 млн евро – грант, ошондой эле 3,0 млн евро грант тендердик документтерди даярдоо, көзөмөлдөө жана долбоорду башкаруу боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө техникалык жардам түрүндө). Кредит (насыя) 20 жылга, анын ичинде 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөткө берилет.

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова белгиленген талаптарды так сактоо жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу зарылдыгына көңүл бурду. Эл өкүлү ошондой эле комитеттин алкагында энергетика тармагындагы мурда кол коюлган эл аралык кредиттик макулдашуулардын аткарылышын карап чыгууну сунуштады.

Депутат Медина Кайрылбекова консультациялык кызматтарга бөлүнгөн 3 млн евро тууралуу сөз кылып, бул каражаттардын пайдаланылышын ким көзөмөлдөй турганын тактады. Министр Насипбек Керимов макулдашуунун аткарылышын көзөмөлдөө Энергетика министрлигине жүктөлөрүн, ал эми долбоорду ишке ашыруу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКысынын жоопкерчилигинде болорун билдирди.

Ал эми депутат Жылдыз Садырбаева консультациялык кызматтарга кеткен чыгымдарды макулдашуунун алкагында каралган гранттык каражаттардын эсебинен жабуу мүмкүнчүлүгүн кароого чакырды.