Кыргызстандын мөмө-жемиш экспорттоочулары менен түрк өнөктөштөрү экспорттук келишимдерди түзүүгө ниеттенишүүдө
2026-жылдын 31-июлунда, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланованын төрагалыгы алдында Түркия Республикасынын ишкерлер делегациясы, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобековдун коштоосунда, ошондой эле ата мекендик өндүрүүчүлөр жана мөмө-жемиш продукциясын экспорттоочу кыргызстандык ишкерлер менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-түрк соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын кеңейтүү, кыргызстандык мөмө-жемиш продукциясынын Түркиянын рыногуна экспортун көбөйтүү, логистиканы өнүктүрүү, ошондой эле соода жана агроөнөр жай тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Өзгөчө көңүл кыргызстандык экспорттоочулар менен түрк импорттоочуларынын ортосунда түз ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана агроөнөр жай секторуна инвестицияларды тартууга бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында кыргызстандык экспорттоочулар менен түрк бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү байланыш маалыматтары менен алмашып, түз кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашышты. Ошондой эле «Агрокластер Мөмө-жемиштер» айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмеси менен түрк тарабы кыргызстандык мөмө-жемиш продукциясын жеткирүү боюнча экспорттук келишимдерди түзүүгө ниет билдиришти.
Бул документке кол коюу өнөктөштүк байланыштарды чыңдоого, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана мөмө-жемиш продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоо багытындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга негиз болот.
