Дүйшөбаева: Биз жер маселесин чечкиче, кытайлык инвестор Өзбекстандын өндүрүшүн ишке киргизип койду
КР Тигүүчүлөр ассоциациясынын төрайымы Диля Дүйшөбаева Жогорку Кеңештин “Ала-Тоо” депутаттык тобунун жыйынында кыргызстандык ишкерлер туш келген кыйынчылык тууралуу айтып жатып, көп көйгөй бюрократиядан улам болуп жатканын белгиледи.
Айтымында, Россия рыногун жаап салгандан кийин кыргызстандык тигүүчүлөр кол куушуруп отуруп калган жок, башка рынокторду издештиришүүдө. Өзбекстан менен Тажикстандын рыногу ыңгайлуу көрүнгөнү менен мисалы, Тажикстанга товар алып кирүүнүн наркы Өзбекстан үчүн – 0,60 доллар болсо, Кытайга – 1 доллар 2 цент, ал эми Кыргызстанга – 2 доллар экени аныкталган.
“Бизге Кытайдан тигүү продукцияларынын сапатын жана коопсуздугун текшерүүчү лаборатория курууга макул болуп келген инвестор, биз антип-минтип жер маселесин чечкиче, Өзбекстанга инвестиция салып, өндүрүшүн ишке киргизип койду. Себебин иликтеп көрсөк, Кыргызстанда Кытайга арналган өзүнчө инвестициялык режим жок экен. Ошондой эле инвестициялык стабилдештирүү мыйзамы жок. Инвестиция жөнүндө мыйзам бар, бирок 10-15 жылга өзгөртүүсүз шарт-кепилдиги бар келишимдер каралган эмес. А Өзбекстанда бул механизм бар болуп чыкты”, – деди Дүйшөбаева.
Ал Кыргызстанда ишкерчилик 30 жыл бою өзүн өзү тейлеп келгенин, бирок бүгүнкү оор шартта маселелерди жалгыз чечүүгө мүмкүнчүлүгү калбаганын жана мамлекеттин колдоосуна таянууга аргасыз болуп жатканын белгиледи.
Ошондой эле депутаттардан ишкерчилик чөйрөсүн тартипке келтирген, жеңилдик жараткан мыйзамдарды кабыл алып берүүлөрүн суранды.
