Баткен районунда бир катар жаңы өндүрүш объектирели ишке берилди
30 август

Баткен районунда бир катар жаңы өндүрүш объектирели ишке берилди

Баткен районунда бир нече жаңы өндүрүш объекттери ишке берилди. Бул долбоорлор жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана өндүрүштүк потенциалды жогорулатуу максатында ишке ашырылды.

1. Самаркандек айылы – мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү цех.
• Кубаттуулугу: суткасына 5 тонна мөмө-жемишти кайра иштетет
• Жумуш орундары: 30
• Курулуш аянты: 200 м²

2. Ак-Татыр айылы, Аэропорт участогу – пластмасса калдыктарын кайра иштетүү цехи.
• Жумуш орундары: 30
• Долбоордун баасы: 52 000 000 сом
• Каржылоо булагы: жеке каражат

3. Төрт-Гүл айыл өкмөтү, Жаны-Жер айылы – мөмө-жемиштерди тоңдуруп сактоочу ваакуумдук муздаткыч.
• Сактоочу кубаттуулугу: 500 тонна
• Жумуш орундары: 5
• Курулуш аянты: 1,0 га
• Долбоордун баасы: 22 000 000 сом
• Каржылоо булагы: республикалык жана жергиликтүү бюджет, Койка эл аралык уюму

Бул долбоорлор жергиликтүү өндүрүштүн өнүгүүсүнө, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана экологиялык таза технологияларды колдонууга өбөлгө түзөт.