Алымбаева: Өзбекстан жеңил өнөр жайын катуу колдоого алууда – фурнитурадан баштап кездемеге чейин өздөрү чыгарышат
16 январь

Алымбаева: Өзбекстан жеңил өнөр жайын катуу колдоого алууда – фурнитурадан баштап кездемеге чейин өздөрү чыгарышат

Кыргызстандын соода-сатык, коомдук тамактануу жана тейлөө кызматкеринин профсоюз уюумунун төрайымы Элизавета Алымбаева бүгүн кыргызстандык тигүүчүлөр туш келген кырдаал – мамлекеттин көп жылдан берки кайдыгер мамилеснин жыйынтыгы деп эсептейт.

Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ала-Тоо” депутаттык тобунун жыйынында айтты.

“Тигүү тармагындагы азыркы абал бир күндө эле жарала койгон жок. Агроөнөр жайына кандай колдоо болсо, жеңил өнөр жайына дагы ошондой колдоо көрсөтүлүшү керек эле. Ооба, азыр колдоо бар, бирок акыркы жылдары гана пайда болду. Ага чейин эл өз арабасын өзү тартып келген. Ар кандай текшерүүлөр, жаңы кирген салык саясаты ишкерлерге кыйынчылык жаратты. Тигүүчүлөр ассоциациясы бүгүнкү кырдаал тууралуу алдын ала коңгуроо кагып, көп көйгөйлөрдү айтып жүрдү. “Биз түптөп койгон тигүү тармагындагы суроо-талапты Өзбекстан алып кетүүдө, тез аракет кылбасак болбойт” деп айтып жатышты.  Эл ишсиз калат дешти, бирок эч кандай реакция болгон жок. Өз убагында реакция болгондо кырдаал мынчалык курчубайт болчу. Эми минтип жетер жерине жетип цехтер жабылып, миңдеген жарандар жумушсуз калууда”, – деди ал.

Ал Өзбекстандагы жеңил өнөр жайына болгон колдоону мисал келтирди жана көптөгөн тигүү цехтеринин жабылышы быйылкы салык төгүмдөрүнүн чогулушуна да таасир берээрин айтты.

“2026-жылы 2025-жылдагыдай салык чогултулабы – ал күмөн”, – деди.

Ал Россия менен болгон кырдаал мамлекеттик деңгээлде жөнгө салынышы керектигин кошумчалады.

Ошондой эле, Өзбекстанда жеңил өнөр жайы ишенимдүү алдыга кетип баратканын, алар фурнитура, кезмеделерден бери өздөрү чыгарып калышканын, бул жаатта Кытай менен Түркияны жолго калтырышканын билдирди.