Кыргызстан Хайкоу – Бишкек түз аба каттамын ачуу маселесин талкуулоодо
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти өлкөнүн туроператорлору менен биргеликте 2025-жылдын 10–21-декабрында Кытайда өткөн тааныштыруу туруна жана CITM – China International Travel Mart эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышты.
Иш-чаралар Хайнань жана Гуандун провинцияларында, ошондой эле Пекин шаарында өткөн көргөзмөнүн алкагында уюштурулду.
CITM көргөзмөсүндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн бирдиктүү көргөзмө стенди көрсөтүлдү. Кыргызстан менен Кытайдын туристтик бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда 30дан ашуун B2B-жолугушуулар өткөрүлдү. Аларга Чэнду, Сиань, Санья, Хайкоу жана Пекин шаарларынан келген компаниялар катышты.
Айрыкча Hainan Airlines авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен Хайкоу – Бишкек багыты боюнча түз аба каттамын ачуу маселеси, ошондой эле Пекин, Чэнду жана Сиань шаарларынан Кыргызстанга туристтик агымды көбөйтүү маселелери талкууланды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында туристтик продукттарды өз ара илгерилетүү, туроператорлор ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды өнүктүрүү, туристтердин агымын көбөйтүү, ошондой эле маданий-таанып-билүү жана ден соолукту чыңдоочу туризм багытында кызматташууну мындан ары кеңейтүү боюнча макулдашууларга жетишилди.
