Кыргызстан эл аралык деңгээлде халал индустриясындагы позициясын бекемдөөдө
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитация борборунун директору Айнура Ахмеджанова I Эл аралык халал-аккредитация конгресске (1st International Halal Accreditation Congress) катышууда.
Конгресс 2026-жылдын 6–8-апрель күндөрү Түркия Республикасынын Анкара шаарында өтүүдө жана Түркиянын Халал-аккредитация агенттиги (HAK) тарабынан уюштурулган мындай форматтагы алгачкы иш-чара болуп саналат.
Бул масштабдуу иш-чара дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген илимпоздорду, индустрия өкүлдөрүн жана мамлекеттик органдарды бириктирген глобалдык платформа болуп эсептелет.
Конгресстин негизги максаты — бирдиктүү стандарттарды талкуулоо, сертификацияга болгон ишенимди арттыруу жана халал секторун эл аралык деңгээлде өнүктүрүүнүн келечегин аныктоо.
Кыргыз Республикасы үчүн халал чөйрөсүндөгү сапат инфраструктурасын өнүктүрүү экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет жана улуттук аккредитация системасынын дүйнөлүк аренадагы аброюн бекемдейт.
Конгресстин программасынын алкагында:
- халал сертификаттарын өз ара таануу механизмдери талкууланат;
- продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоонун инновациялык ыкмалары изилденет;
- аккредитация боюнча эл аралык уюмдар менен өнөктөштүк байланыштар бекемделет.
