Кыргызстан жана KOICA түшүмдү жыйноодон кийинки башкаруу системасын өнүктүрүүдө
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Корея Республикасынын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү жана «Кыргыз Республикасында түшүмдү жыйноодон кийинки башкаруу системасын түзүүнү колдоо аркылуу айыл чарба продукциясынын кошулган нарк чынжырын бекемдөө» долбоорунун аткаруучулары менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин, ошондой эле «Кыргыз Агрохолдинг» ААКнын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө долбоорду ишке ашыруунун учурдагы жүрүшү, жетишилген жыйынтыктар, учурда жаралып жаткан маселелер жана мүмкүн болуучу тобокелдиктер, ошондой эле аларды өз убагында чечүү жолдору талкууланды.
Долбоордун өкүлдөрү долбоорду ишке ашыруунун кийинки этаптары боюнча презентация жасап, алдыдагы иш-чаралардын планы, негизги багыттары жана күтүлүп жаткан жыйынтыктар тууралуу маалымат беришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да улантууга даяр экендигин ырастап, Кыргыз Республикасында түшүмдү жыйноодон кийинки башкаруу системасын өнүктүрүү жана айыл чарба продукциясынын кошулган нарк чынжырын бекемдөө боюнча биргелешкен ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
