Кыргызстанда күзгү дан өсүмдүктөрүн оруп жыйноо себилген аянттын 99,6 %да аяктады
Үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрына карата күзгү дан өсүмдүктөрүн оруп жыйноо иштери жалпы 660,5 миң га же жалпы себилген аянттын 99,6 % бүткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлайт.
Анын ичинен:
- Буудай 240,5 миң га жыйналып, түшүмдүүлүгү 30,1 ц/га түзгөн.
- Арпа 245,9 миң га аянтта жыйналып, түшүмдүүлүгү 25,6 ц/га түзгөн.
- Чанактуулар жалпы 53,2 миң га аянтта жыйналып, тушүмдүүлүк 15,5 ц/га түзгөн.
Ал эми, отчеттук мезгилге дандук жүгөрүнү оруп-жыйноо жумуштары аяктап, жалпы 106,9 миң га аянтта жыйналып, дүң жыйымы 754,3 миң тоннаны түзүп, түшүмдүүлүгү 70,6 ц/га түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 1,9 ц/га жогору болуп отурат.
Техникалык өсүмдүктөр боюнча айта кетсек, кант кызылчасы 13,2 миң гектар аянттан жыйналып алынып, түшүмдүүлүгү 655,8 ц/га түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 182,9 ц/га жогору. Дүң жыйымы 866,9 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 245,8 миң тоннага жогору болуп отурат. Бул өсүмдүктүн көрсөткүчтөрү 2024-жылы жогорку деңгээлде турууда.
Азыркы тапта республиканын Баткен, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарында күздүк буудайды себүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Алсак,
- Чүй облусунда – 79,4 миң га,
- Ысык-Көл облусунда – 9,0 миң га,
- Жалал-Абад облусунда – 12,5 миң га,
- Баткен облусунда – 5,5 миң га,
- Талас облусунда – 5,0 миң га,
- Ош облусунда 16,3 миң га күзгү себүү иштери аткарылып отурат.
Жалпы жумуштар 127,7 миң га жер аянтында аткарылып, план боюнча 67,2 % түзүп отурат. 2025-жылдын түшүмү үчүн күздүк буудайды себүү жумуштары 190,0 миң га пландаштырылган.
Ал эми, күздүк арпаны себүү жумуштары жалпы 7,9 миң га жүргүзүлүп, пландаштырылган 11,4 миң аянттын 70,0 % жумуштар аткарылып отурат.
