Балыкчыдан Чолпон-Атага чейинки темир жолду куруу иштери 2027-жылы башталышы мүмкүн
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
12 август

Балыкчыдан Чолпон-Атага чейинки темир жолду куруу иштери 2027-жылы башталышы мүмкүн

Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары Роман Спасский Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда болочок темир жол каттамынын техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип жатат. Даярдык жана долбоорлоо иштери аяктагандан кийин курулуш иштерин баштоо пландалууда.

Спасскийдин айтымында, темир жолду Ысык-Көлдүн жээгин бойлой узартуу идеясын президент Садыр Жапаров Балыкчыга поезд менен баргандан кийин колдогон.

– Поезд Балыкчыга токтогондо президент: «Ушуну менен бүттүбү? Эмне үчүн мындан ары жол курбайсыңар?» деп сураган. Ошондон кийин долбоорду келечектеги пландарга киргизип, Ысык-Көл облусунда темир жол каттамын өнүктүрүү тапшырмасы берилген, – деди ал.

Спасский билдиргендей, Балыкчы – Чолпон-Ата багытындагы темир жолду курууга үч жыл каралууда.

Долбоор биринчи кезекте Ысык-Көлдүн туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүнүн бир бөлүгү катары каралууда. Темир жол курорттук аймакты учурдагы темир жол тармагы жана Тамчы эл аралык аэропорту менен байланыштырууга багытталган.

Келечекте «Кыргыз темир жолу» темир жолду Караколго чейин узартууну жана Ысык-Көлдүн түштүк жээги боюнча темир жол тармагын өнүктүрүүнү карап жатат.

– Келечекте Караколго чейин, андан ары түштүк жээк аркылуу темир жолду айланта туташтырууну пландап жатабыз, – деди Спасский.