Ош аэропортунан коштомо документтери жок норка терисинен жасалган буюмдардын жүгү аныкталды
4 сентябрь

Ош аэропортунан коштомо документтери жок норка терисинен жасалган буюмдардын жүгү аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарындагы эл аралык аэропорттон тиешелүү коштомо документтери жок норка терисинен жасалган буюмдардын жүгүн аныкташты.

Тактап айтканда, Россия Федерациясынан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда норка терисинен жасалган буюмдар табылган.

Жалпысынан өлкөгө 555 даана норка баш кийими жана 270 даана норка териси жүк алып келинген. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт.

Ошол эле учурда аталган жүккө тиешелүү зарыл коштомо документтери, анын ичинде эсеп-фактура жана салык кызматында катталгандыгын тастыктоочу документтери жок экендиги аныкталды.

Аталган факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон иш-чаралар жүргүзүлүүдө.